www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Германия Орусиянын энергоресурстарды өз коңшуларына карата курал катары колдонуусуна каршы турат. Бул тууралуу 15-июлда Вашингтондо Джо Байден Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолуккандан соң маалымат жыйында билдирди. Эки лидер НАТОдогу өнөктөштөрдүн кызыкчылыгын Орусиянын агрессиясынан коргоо боюнча чогуу аракет көрөрүн билдирди.

Маалымат жыйынында “Түндүк агым-2” газ куурунун тагдыры да башкы темалардын бири болду. Президент Байден долбоорду ишке ашырууга катышып жаткан немис компанияларына тынчсыздануусун билдирди.

“Түндүк агым-2” газ кууру менен Орусиянын газын Украинанын аймагына кирбей туруп, Балтика деңизинин түбү аркылуу Германияга жеткирүү каралган. Бул долбоор аркылуу Орусия энергоресурстарын Украинанын аймагы аркылуу экспорт кылуу көз карандылыгын азайткысы келип жатат. Европанын бир катар өлкөлөрү жана АКШ “Түндүк агым-2” ишке кирсе, Москванын Украинага карата басымы күчөйт деп сындап келет. Балтика деңизинин түбүнө жаткырылчу куурдун курулушу АКШнын санкцияларынан улам 2019-жылдын аягында токтоп калган.

Бирок жакында Джо Байден бул маселени чечүүгө даяр экенин белгилеп, долбоорго катышкан немис компанияларына санкция салуудан баш тарткан. Анын бул позициясын демократтар да, республикачылар да сынга алышкан. Бул жолку жолугушууда Байден “жакшы достордун мунаса таппай коюшу мүмкүн эмес” деп санкция маселесин кийинкиге жылдырууга даяр экенин ишара кылды.

Германияны 16 жылдан бери башкарган Ангела Меркелдин Вашингтонго бул жолу сапары канцлер катары чет өлкөлүк акыркы визиттеринин бири болду. Меркел быйылкы шайлоодон соң кызматтан кетерин жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости