www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялымдын бул сөзүнөн кийин аны кызганбай калдым

Менин баяным кыска эле. Ошентсе дагы силер менен бөлүшкүм келди. Мен аялым менен атаандаш болгум келбейт. Ошондой эле аны башкарууну каалабайм. Мен жөн гана ар дайым жанында болчу өнөктөшү болгум келет. Мен аны ушунчалык катуу сүйөм. Анын дагы мага болгон сезимдеринен күмөнүм жок. Ошентсе дагы башында мындай эмес болчумун.

Баарынан кызганат элем. Улам чалып кайда жүргөнүн сурайм. Кайра ишенбей видеочалуу жасайм. Туура эмес кылып жатканымды билем. Өзүмө өзүм ишенбегеним үчүн ушундай кылып жатканымды билем. Ойлорум жаман экенин билем. Билем, бирок өзүмдү колго алалбайм. Арытанан аңдып эле турам.

Акыры аялым мындай болбойт деп ачык сүйлөшүүгө чакырды.

"Жаным, кызгангандын дагы чеги болуш керек. Сенин кызганычың мени муунтуп жатат. Мага аба жетпей баштады. Бул абал акыры барып ортобуздагы сыйды, сүйүүнү өлтүрөт. Билесиңби, эгер адам кете турган болсо, аны эч нерсе менен кармай албайсың. Ал каалаган күнү кетип калат. Аны аңдыйсынбы, коркутасыңбы, пайда жок. Жакшылап ойлонуп көрчү. Адам өзү кандай болсо, башкаларды дагы ошондой ойлойт. Мен мыкты жигитке турмушка чыккам деп ойлогом. Адашып калганымды тастыктап, өкүндүрбөйсүң дейм. Сен мага ишен, мен сага ишенем. Өзүн сүйбөгөн, өзүнө ишенбеген адам кызганат. Сен андай эмессиң. Туурабы?"

Ойлоп көрсөм, аялымдын сөзүндө чындык бар. Биз аларды бир буюм катары көрүп, ээлик кылгыбыз келет экен. Бирок, эч качан бирөөгө ээ боло албайбыз, анткени баарыбыз индивидалдуу инсанбыз. Жадакалса, балдарың деле чоңойгондо сенден кетет. Аялымдын бул сөзүнөн кийин аны кызганбай калдым.

Эч кимди кармай албайсың. Андыктан, ал адам жаныңда болгонунан ырахат алып, бактылуу болушуң керек экен. Калп эле кызгана берүүнүн кереги жок туура.  Азыр аялым экөөбүздүн сүйүүбүз мурункудан дагы күчтүү. Ортобузда ишеним бар. Жылдар өткөн сайын биз ачык сүйлөшкөндү үйрөндүк. Бир нерсе жакпаса айтып турабыз. Ичибизге катып, сыздап жүрө бербейбиз. Көйгөйдү ачык отуруп чечиш керек экен, катып жата берсең ичиңдин баары чирип, ойлоруңду кара басат.

Булак: Bilesinbi.kg

Последние новости