www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-июлда Орусиянын Томск облусунун Бакчарский районунда бортунда 17 кишиси бар АН-28 учагы дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Орусиянын өзгөчө кырдаалдар кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, учактын бортундагы 17 кишинин 3өө экипаж мүчөсү болгон. Учак Кедровый-Томск багыты боюнча абага көтөрүлгөн. Учак абага көтөрүлгөндөн кийин авариялык сигнал берген. Учурда учакты издөө иштери башталды. Издөө иштерине тик учактар тартылган.

6-июлда Орусияда АН-26 жүргүнчү ташуучу учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жатып байланыш үзүлгөн. Учакта 29 адам бар болгон жана анын көпчүлүгү Палана шаарчасынын тургундары болгон. АН-26 учагын издөө иштерине деңиз кемелери, тик учактар тартылган. Кийинчерээк деңизден учактын бортундагы бардык адамдардын сөөгү табылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости