www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине даярдоо маселеси боюнча республикалык штабдын кеңешмесин видеоконференция режиминде өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө алдыда турган күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык, социалдык объектилердин жана жалпы эле энергетика тармагынын даярдыгы талкууланды. Ошол эле учурда калкты көмүр менен камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Тиешелүү мамлекеттик органдар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана энергетика тармагынын башчылары жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Энергетика ведомстволорунун башчылары жылытуу мезгили башталгыча энергетикалык объектилердеги бардык пландалган иш-чаралар жана жумуштар толугу менен бүткөрүлө тургандыгын маалымдашты.

Марипов экономикалык тармактарды жана калкты күз-кыш мезгилине карата өз мөөнөтүндө жана сапаттуу даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Улукбек Марипов жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды, ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларындагы ЖЭБдердеги, жылуулук менен камсыздоо ишканаларынын от казандарындагы оңдоо жана отун ресурстарын өз убагында жана сапаттуу камдоо иштери өзгөчө көзөмөлдө болушу шарт. Мындан тышкары республиканы электр энергиясы менен толук көлөмдө камсыздоо, электр от казандарын альтернативдүү энергия булактарына өткөрүүнү контролдоо милдети турат.

«Алдын-ала керектүү иштерди жүргүзүү менен социалдык объектилерге, анын ичинде мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга өзгөчө көңүл буруу керек. Бардык жумуштар өз убагында бүткөрүлүп, мүмкүн болгон кемчиликтер тез арада четтетилиши тийиш», – деди Улукбек Марипов.

Энергетика жана өнөр жай министрлигине жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКга Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун ишке ашырылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу жана аталган объектте суунун көлөмүн тийиштүү деңгээлде кармоо чараларын көрүү тапшырылды.

Кеңешменин жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан жарандардын пикирин эске алуу менен калкка электр энергиясынын тарифтерин мурдагы деңгээлде калтыруу чечими кабыл алынган.

Жыйынтыгында Улукбек Марипов штабдын мүчөлөрүнөн алдыда турган күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө байланыштуу бардык маселелерди ыкчам тартипте чечүүнү талап кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости