www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байдендин администрациясы Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү ниети бар экенин америкалык медиа каражаттары Ак үйдөгү булагына таянып, жазып чыкты.

Президент Байден даярдаган жарлыкка ылайык, америкалык банктарга Орусиянын банкынан, Финансы министрлигинен жана Бакубатчылык фондунан мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга тыюу салынат.

Жарлыкта орусиялык он дипломатты АКШдан чыгаруу да каралган. Анткени, алардын айрымдары тыңчылыкты уюштурууга шектелип, кээ бирлери Ооганстандагы америкалык аскерлерди өлтүрүү үчүн сыйакы төлөп берүүгө тиешеси бар экени белгиленген.

Ошондой эле, бул санкциялар Москванын АКШдагы шайлоого кийлигишүүсүнө, Крымды аннексиялашына жана орусиялык хакерлердин киберчабуулдарына жооп катары киргизилери белгиленди.

АКШнын жаңы санкциялык тизмесинде Орусиянын жогорку саясий жана аскердик кызмат адамдары менен катар эле мыйзамсыз буйруктарды аткарган катардагы кызматчылар да бар экени белгиленди.

Бул тизмеге Кремлдин кыңыр иштерин аткарууга ыңгайлашкан Орусиянын аскердик жана жарандык мамлекеттик кызматтары менен тиешелүү мекемелери да кире турганы жазылды. Орусия коюлган айыптардын баарын четке кагып келет.

Президент Джо Байдендин Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү караган жарлыгы жакын арада жарыялана турганы маалымдалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости