www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Жозеф Байден People басылмасына маек берип, буга чейинки мамлекет башчысына салыштырмалуу анын үй-бүлөсүнөн бир дагы адам мамлекеттик иштерге жана тышкы саясатка аралашпай турганын убадалаган. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
--"Обама-Байден администрациясынын убагындагыдай иштейбиз. Биздин үй-бүлөдөн же туугандарымдын арасынан бир дагы адам мамлекеттик иштерге жана тышкы саясатка аралашпайт. Бул тармакта эч ким иштебейт", — деген ал.
Белгилей кетсек, АКШны Дональд Трамп башкарып турган учурда анын кызы Иванка Трамп биринчи кеңешчиси болсо, күйөө баласы Жаред Кушнер улуу кеңешчиси эле. Кушнер Жакынкы Чыгыш мамлекеттери менен иш алып барчу.
Булак: NazarNews.kg