www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын "Жашоо үчүн — оппозициялык платформа" партиясы президент Владимир Зеленскийге импичмент жарыялоо үчүн кол топтой баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эске салсак, 2-февралда Зеленский "Жашоо үчүн — оппозициялык платформа" партиясынан Жогорку Раданын депутаты Тарас Козактын "112.Украина", NewsOne жана ZIK телеканалдарына санкция киргизүү боюнча чечим кабыл алган. Телеканалдардын берүүлөрү азыр YouTube каналында гана көрсөтүлүп жатат.
Аталган партиянын кечээки жыйынында Зеленскийге импичмент жарыялоо боюнча маселелер талкууланып, саясий уюмдун аймактагы өкүлдөрүнө тапшырмалар берилген.
Буга чейин Зеленский "Оппозициялык платформанын" саясий кеңешинин башчысы Виктор Медведчук партияда Украинанын президентинин Конституцияны жана мыйзамдарды одоно бузгандыгы жөнүндө далилдер бар экенин билдирген.
Ошол эле учурда Зеленскийдин маалымат кызматы телеканалдарга киргизген санкциялар сөз эркиндигине коркунуч келтирбейт деп ишендирген.
Булак: NazarNews.kg