www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Өкмөттүн мамлекеттик бюджеттердин аткарылышы боюнча отчетторун парламентте кеӊири талдоого алууга жол ачуу максатында иштелип чыккан .“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Демилгечи депутат – Экмат Бакбакпаев.

Демилгечи мамлекеттик органдардын парламентке берген отчетун чагылдыра турган автоматташтырылган тутумду ишке киргизүү зарыл экенин баса белгиледи. «Эсептөө палатасынын чоӊ көлөмдөгү аудитинин жыйынтыгы кагаз түрүндө таркатылат, аны менен таанышуу мөөнөтү өтө кыска, ошондон улам отчеттор толук кандуу талкууланбай калууда», - дейт Экмат Байбакпаев.

Баяндамачы учурда колдонулуп жаткан мыйзамдардын ченемдерине ылайык, Жогорку Кеңеш бюджет долбоорлорун жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду түзүү, кароо жана бекитүү маселелерин бир эле учурда кароого аргасыз экенин белгиледи. «Мындай жагдай бюджет долбоорлоруна жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчетторго кылдат талдоо жүргүзүүгө жолтоо болуп жатат. Анын натыйжасында парламент өз сунушун бералбай калууда. Ошондон улам, Бюджет кодекси менен Жогорку Кеӊештин Регламентине тийиштүү өзгөртүүлөрдүү киргизүү зарыл», - деди депутат Экмат Байбакпаев.

Андан тышкары, демилгечи сунушталган мыйзам долбооруда мурдагы бюджеттин аткарылышын кароо жана жаңы бюджетти түзүү тартиби белгиленип, мындай усул эки жүрүмдү бир учурда эмес, эки башка учурда жүргүзүүгө жол ачарын, анын натыйжасында Жогорку Кеңеш тарабынан бюджеттин аткарылышы жана жаӊы бюджеттин түзүлүшү боюнча маселелерди толук кандуу кароо мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун кошумчалады.

Талкуу жүрүшүндө Өкмөттүн мыйзам долбооруна карата бир катар сунуштары бар экени белгилүү болду. Жыйынтыгында тармактык комитет мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруудан мурда «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамга тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизүү керек деген чечимге келди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости