www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ортодогу баласынан ажыраган жубайлар тирүүлөй көргө көмүлгөн ымыркайды таап алышты. Ымыркай көрдө 3 күндөй жатып калган. Таап алгандар аны биротоло багып алууну каалап жатышат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, Индиянын Уттар-Прадеш штатынын Кумар деген тургунунун келинчеги ара төрөп, натыйжада чарчап калган. Алар чарчап калган ымыркайын мүрзөгө көмгөндөн кийин, жер астынан ыйлап жаткан үндү угушкан. Кумар ый чыккан жерди казып жатып, 90 сантиметр тереңдикке көмүлгөн чүпүрөккө оролгон кумганга туш болгон. Анын ичинде тирүү ымыркай кыз бар болуп чыккан. Жубайлар ошол замат полиция менен дарыгерлерди чакырышкан.

Дарыгерлердин айтымына караганда, ымыркай көрдө 3 күндөй жаткан. Ага гипотермия деген диагноз коюлган. Ошондой эле өпкөсүнө инфекция кирип кеткени үчүн, кызга кислороддук аппаратты улашкан. Ымыркайды таап алышкан жубайлар ошол күндөн бери ооруканада болуп жатышат жана аны багып алууну көздөшүүдө.

Мыйзам боюнча бала багып алуу үчүн анын ата-энесинин уруксаты керек экен, ошондуктан полиция ымыркайын тирүүлөй көөмп салган ата-энени издеп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости