www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Жо Байден Израилге Американын жөөт мамлекетине колдоосун көрсөтүү үчүн келгенин айтты. Бул тууралуу ал Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдирди.
“Мен жөнөкөй эле себеп менен келдим: АКШ кандай гана кырдаал болбосун Израилди колдой турганын бүт дүйнө көрүшү керек”, - деди АКШ лидери.
Ал ошондой эле Кошмо Штаттары Израилдин "бүгүн, эртең жана ар дайым" жанында экенин айтты.
"Америка Кошмо Штаттары эркиндикти коргоо, адилеттүүлүккө жетишүү жана тынчтыкты колдоо үчүн сиз менен. Бүгүн, эртең жана ар дайым. Биз сизге убада беребиз", - деди АКШнын президенти.
Ал кошумчалагандай, Вашингтон Израил жана анын аймактагы өнөктөштөрү менен «бейкүнөө, тынч адамдар үчүн дагы трагедияларды болтурбоо» үчүн кызматташууну улантат.
Байден ошондой эле Газа тилкесинде жүздөгөн адамдын өмүрүн алган ооруканага кол салууга Израилдин тиешеси жок экенин айтты.
«Менин көргөнүм боюнча, муну сиз (Израиль) эмес, башка бирөө жасаган окшойт. Бирок, көптөр буга ишене бербейт», - деди АКШ лидери.
Ак үйдүн башчысы медициналык мекемедеги жарылууга терең кайгырганын билдирди. Байден "бул кырдаалга туш болгон бейкүнөө палестиналыктардын" өмүрүн коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө чакырды.
Эске салсак, буга чейин Жо Байден менен жолуккан Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Израилдин аскерий чабуулдарынан Газада карапайым калк жапа чегип жатканын мойнуна алган.
Булак: NazarNews.kg