www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путин Газадагы ооруканага карата кол салуунун тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн белги болушу керектигин белгилеп: "Трагедия, коркунучтуу бир окуя жана апаат. Жүздөгөн адам каза болуп, жүздөгөн адам жараланды", - деди.
Путин Кытай сапарынын алкагында Израилдин Газа жана Украинадагы Аль - Ахли баптист ооруканасына кол салуусуна байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Путин көз карандысыз Палестина мамлекетинин курулушун колдогондорун баса белгилеп: "Принциптүү бир мамилебиз бар жана мунун бүгүнкү кризис менен эч бир байланышы жок. Биз ар дайым борбор шаары Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз, эгемендүү бир Палестина мамлекетинин түзүлүшүн жактадык",- деди.
Путин Газада көп сандаган киши каза болгон Палестинадагы Аль - Ахли баптис ооруканасына жасалган кол салууга токтолуп, буларды айтты: "Трагедия, коркунучтуу бир окуя жана кырсык. Гуманитардык мүнөздөгү жерде жүздөгөн адамдар жарадар болуп, жүздөгөн адамдар каза болду. Мунун бул кагылышууну тез арада токтотушубуз керектигине байланыштуу белги болот деп ойлойм. Тараптар жок дегенде жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү баштоолору керек".
Израилдин кечээ кечинде Газадагы Аль Ахли баптис ооруканасына жасаган кол салуусунда кеминде 500 палестиналык каза болгон.