www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун элге кайрылуусу менен, жаңы Ак үйдүн аты жүздөгөн сунуштардын арасынан тандалып, акыры “Ынтымак Манас ордосу” – деген сунушка токтолушуптур. Ушул сүйлөмдү орусчага которуп көргүлөчү. Кандайча жазылып, кандайча угулат экен? Жок, чындап эле которуп көргүлө. Анык пародияга айланат...
Биринчиден, кандай кана ат койулбасын, бир сүйлөмчөлүк узун болбошу зарыл. Ак үй ансыз деле Ордо экени белгилүү да. Болуптур, ал “МАНАС ордо” - делгени жакшы. Агерде, ал жай, болочокто, чындап эле, Манастай айкөл, адилет, акниет, кара кылды как жарган Калыстыктын, Акылмандыктын, Биримдиктин Ордосуна айланса. Ал жагы чооң күмөөн жаратат, азыркы денгээлибизге карасак...
Ал эми, Манас ордого, бөйрөктөн шыйрак чыгарылып, Ынтымак деген сөздү күч менен чаптаганыбыз, эч жарашпаган жосунсуз жорук. Анткени, МАНАС деген сөздө Ынтымак, Ырыс Кут, Биримдик, Айкөлдүк, Адилеттик, Акылмандык – деген түшүнүктөрдүн баардыгы камтылган! Туурабы? “Ынтымак” деген сөздү МАНАСКА жабыштырганыбыз, жумшагыраак айтканда, ашачапкан зөөкүрлүк, апендичилик.
Андыктан, жаңы салынып жаткан Президенттин ак сарайынын аты, кыска жана нуска “Манас ордо” – деп аталышы зарыл. Ушуну менен чекитти койуш керек. Кандай болгон күндө да, болочокто, “Ынтымак Манас ордосу” – делген аталыштан, сөзсүз “Ынтымак” дегени айтылбай, унутулуп калаары бышык. Кандай дейсиңер калайык журт?
Мелис АРЫПБЕК, эркин журналист
Булак: NazarNews.kg