www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы жана актриса Леди Гага президенттин Маданият жана искусство боюнча комитетинин теңтөрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматы тараткан АКШ президенти Жо Байдендин жарлыгында айтылат.

Документте Леди Гага (чыныгы аты Стефани Джоан Анджелина Германотта) 13 Грэмми сыйлыгын утуп алганы жана тарыхта коммерциялык жактан эң ийгиликтүү ырчылардын бири экени айтылат. Ошондой эле кайрымдуулук иштерине жана коомдук акцияларга активдүү катышат.

Комитеттин дагы бир теңтөрагасы болуп продюсер Брюс Коэн дайындалды. Алардын экөөнөн тышкары комитетке дагы 22 адам кирди, алардын арасында музыкант Жон Батиста, актёрлор Жорж Клуни жана Трой Коцура, актрисалар Женнифер Гарнер, Керри Вашингтон жана Кэти МакГрат, сценарист Шонда Раймс бар.

Бул комиссия 1982-жылы түзүлгөн. Ал Америка Кошмо Штаттарынын Президентине жана Американын тиешелүү ведомстволорунун жетекчилерине маданият тармагында кеңеш берет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости