www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаныбек Абиров бошоткон Ленин райондук округунан Жогорку Кеңештин депутатыгына шайлоо өткөнү жатат. Депутат болот элем деп көз кызарткандардын саны күн санап өсүүдө. 

Алардын катарында Мирлан Жээнчороев бар. Мирлан мырза талапкерлигин "Альянс" партиясы жылдырып жатат. Бирок булар саясий тактика жасашып, Жээнчороевдин талапкерлигин БШКга каттоонун акыркы күндөрү беребиз дешип, ага дейре эртелеп тымызын пиар жүргүзүп жатышат. 

Эгер эрте катталып туруп, БШК уруксаат бере электе пиар жүргүзүп баштаса мыйзамга ылайык келбей, жарыштан четтеп калаары бышык болчу. Булар куулук кылышып каттала электе коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, "Жээнчороевдин командасы мыкты экен, даярдыкты катуу баштады, штабына эл батпай калды, шайлоо штабын Алтынбек Сулайманов менен Жанар Акаев өздөрү жетектемей болду, Эльдар Абакиров, Абдывахаб Нурбаев сүрөөнгө алып жатыптыр, оо-уу укмуш. Жээнчороевдин утуп чыгууга шансы көп дешүүдө, Жогорку Кеңеште депутат болуп өзүн мыкты көргөзө алган, репутациясы таза саясатчы", - деген мыйзамды кыйгап өткөн пиарды эч нерсе боло электе жайылтып жатышат. 

БШК мындай куулукка карата чара көрүү жагын ойлонушу милдет. Анткени, баардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүү вазийпасын так аткарышы керек. Ансыз шайлоонун таза өткөнүнө эл ишенбейт. Күмөн жаралса, сөзсүз нааразычылыктар айтылып, чыр чыгат. Андыктан БШК мындай арамза пиарларга жол бербеши абзел. 

Баса, бир жагдайды белгилеп коюу ашыкча кылбайт. Дөөлөт тоголок кармап калуу кыйын, мээнет жалпак бир жарашса чыкпайт дегендей, Жээнчороев Бабановдон кол үзгөндөн кийин ооматы качкан. 

Саясатка балапан кезинен алып келип, Бишкек шаарынын депутаты, Жогорку Кеңештин депутаты кылып өстүрүп, ар дайым колдоо көрсөткөн Бабановду "сатып" кеткенден соң, Жээнчороевдин иши жүрүшпөй калды. Канча аракет кылса да, элдин колдоосун ала албай, парламентке шайланган жок. Бул жолу деле өтпөйт десек жарашат. Себеби, дайым көтөрүп, артынан жөлөп колдогон Бабановдун каржысы, командасы жок алыс чуркай албасын далилдеген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости