www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Жумашбек уулу 61 кг салмакта турнирдин чейрек финалында япониялык балбанды 4:1 эсебинде утса, жарым финалда ирандык спортчуну 11:2 эсебинде артта калтырды.

Алтын үчүн кармашта кыргыз балбаны кытайлык Лю Минхуга каршы килемге чыгат.

Учурда Кыргызстандын куржунунда 13 медаль топтолду:

Грек-рим күрөшү боюнча 3 алтын, 1 күмүш, 3 коло байге:

1-орун — Акжол Махмудов (77 кг);
1-орун — Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
1-орун — Акылбек Талантбеков (82 кг);
2-орун — Үзүр Жузупбеков (97 кг);
3-орун — Роман Ким (130 кг);
3-орун — Раззак Бейшекеев (67 кг);
3-орун — Адилхан Нурланбеков (72 кг).

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло байге:

1-орун — Айсулуу Тыныбекова (62 кг);
2-орун — Айпери Медет кызы (76 кг);
3-орун — Калмира Билимбекова (59 кг).

Эркин күрөш боюнча 1 күмүш жана 2 коло байге:
2-орун — Алмаз Сманбеков (57 кг);
3-орун — Орозобек Токтомамбетов (70 кг);
3-орун — Улукбек Жолдошбеков (65 кг).

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Була: NazarNews.kg 

Последние новости