www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Жо Байден Ооганстанды адегенде Украина, андан соң Ирак деп атап, 20 жылдык аскердик өнөктүктөн кийин өлкөдөн чыгуу чечиминин тууралыгын дагы бир жолу далилдеди.
"Украинаны бириктирүүгө бизде кымындай да мүмкүнчүлүк болгон жок. Башкача айтканда, кечиресиз, Ирак. Ооганстан! Бириктирүү такыр мүмкүн эмес болчу", — деди ал NBC телеканалына берген маегинде.
Өткөн жылдын ноябрында 79 жашка толгон Байден дайыма тилден тайып турат. Ошентип, ал орус лидери Владимир Путиндин атын туура эмес айтып, «вакцинация» жана «эскалация» деген сөздөрдү, ошондой эле Сирияны Ливия менен, Иракты Иран менен чаташтырып, вице-президент Камала Харристини кайра-кайра мамлекет башчы деп атаган.
Мындан сырткары, Байдендин администрациясы өткөн жылы Ооганстандан америкалык аскерлерди жана жарандык персоналды чыгарып кетүү менен коштолгон башаламандык, жоготуулар жана марионеткалык өкмөттүн капысынан кулашы үчүн бардык тараптан сынга кабылып келүүдө.
Булак: NazarNews.kg