www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден NBC телеканалына берген маегинде өз жарандарын Украинадан токтоосуз чыгып кетиши керек деп билдирди.

Байден америкалыктарды Украинадан «азыр» чыгып кетүүгө үндөдү, анткени өлкөдөгү кырдаал курчушу мүмкүн.

«Бул террордук уюм менен болгон мамилеге окшош эмес. Биз дүйнөдөгү эң чоң армиялардын бири менен күрөшүп жатабыз. Бул такыр башка жагдай жана баары башаламан болуп кетиши мүмкүн», - деди Байден.

Эске салсак, буга чейин мындай билдирүүнү АКШнын Мамлекеттик департаменти жасап, америкалыктарга Украинадан коммерциялык же башка жеке транспорттун түрлөрү менен чыгып кетүүнү сунуштаган.

Агенттик Орусиядан аскерий басып алуу коркунучу күчөгөндүктөн, ошондой эле COVID-19 пандемиясынан улам республикага барбоого кеңеш берди.

Ал эми 26-январда АКШнын Украинадагы элчилиги да республиканын аймагында жүргөн жарандарды өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу ойлонууга үндөгөн.

Мындан тышкары, Канаданын бийликтери жана Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон Украинадан чыгып кетүүгө чакырык жасаган.

Эки өлкөнүн жетекчилиги муну мүмкүн болушунча тез арада ишке ашыруу зарылдыгын билдирди.

АКШнын президенти Джо Байден NBC телеканалына берген маегинде өз жарандарын Украинадан токтоосуз чыгып кетиши керек деп билдирди.

Байден америкалыктарды Украинадан «азыр» чыгып кетүүгө үндөдү, анткени өлкөдөгү кырдаал курчушу мүмкүн.

«Бул террордук уюм менен болгон мамилеге окшош эмес. Биз дүйнөдөгү эң чоң армиялардын бири менен күрөшүп жатабыз. Бул такыр башка жагдай жана баары башаламан болуп кетиши мүмкүн», - деди Байден.

Белгилей кетчү жагдай, буга чейин мындай билдирүүнү АКШнын Мамлекеттик департаменти жасап, америкалыктарга Украинадан коммерциялык же башка жеке транспорттун түрлөрү менен чыгып кетүүнү сунуштаган.

Агенттик Орусиядан аскерий басып алуу коркунучу күчөгөндүктөн, ошондой эле COVID-19 пандемиясынан улам республикага барбоого кеңеш берди.

Ал эми 26-январда АКШнын Украинадагы элчилиги да республиканын аймагында жүргөн жарандарды өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу ойлонууга үндөгөн.

Мындан тышкары, Канаданын бийликтери жана Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон Украинадан чыгып кетүүгө чакырык жасаган.

Эки өлкөнүн жетекчилиги муну мүмкүн болушунча тез арада ишке ашыруу зарылдыгын билдирди.

Эске салсак, акыркы айларда Орусия менен Батыштын мамилеси улам катаалдашып бара жатат. Батыш өлкөлөрү Москваны Украинага "кол салууга" даярданып жатат деп күнөөлөп, Чыгыш Европада аскерин да, курал-жарагын да көбөйтүп, санкциялар күчөтүлөрүн айтып коркутууда. Орусия бардык айыптоолорду четке кагып, Киевдин Минск макулдашуусун аткарбай, чек ара линиясына өздүк курамдын жарымын алып келип, тыюу салынган куралдан ок чыгарып жатканын эске салып келет.

Москва "агрессия тууралуу" маалыматтардын максаты Орусиянын чек араларында чет элдик группировкаларды күчтөнтүү экенин бир нече ирет айткан. Кремль дагы, ТИМ дагы Украинадагы эскалациянын негизги себеби — аймакка аскердик инструкторлорун, курал-жарак, техника жөнөткөн, машыгууларды көбөйткөн АКШ менен НАТОнун аракети экенин белгилеген. Мындай кадамдары менен алар Киевди аскерий авантюраларга түртүп жатышканы далай ирет айтылган.

Былтыркы жылдын соңунда Москва Брюссель менен Вашингтонго коопсуздук кепилдиги тууралуу документтердин долбоорун жөнөткөн. Кремль блоктун постсоветтик өлкөлөр менен аскерий кызматташуусун токтотууну, алардын аймагында база жайгаштырбоону, РФ чек арасына жакын жерде сокку уруучу каражаттарды орнотуу аракеттерин чектөөнү, Европадан америкалык өзөктүк куралды чыгарууну жана НАТОну чыгышты карай кеңейтпөөнү талап кылып келет. 27-январь күнү Орусия кат түрүндө жооп алды. ТИМ батыштык өнөктөштөр Орусия үчүн орчундуу мааниге ээ болгон альянсты кеңейтпөө жөнүндөгү талап көз жаздымда калганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости