www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күндөлүк жазуунун кызыктуу табылгасы...

Көпчүлүгүбүз күндөлүк жазуунун пайдалуу жактарын угуп жүрсөк да, аны жазууга мойнубуз жар бербейт. А бирок, дал ушул күндөлүк биздин жүрүм-турумубузду тескеп, сезимдерибизди көзөмөлдөп, өзүбүздү өнүктүрүүгө, ички дүйнөбүздү таанууга, жасай турган иштерибизге саресеп салууга көмөктөшөрүн адистер тастыктап келишет.

Күндөлүк - адамдын жеке көз караштарынын, сезимдеринин, ишенимдеринин, дегеле инсандык «мендин» (анг. personality) кагазга түшүрүлгөн бейнеси. Адамдын жандүйнө баарлашуусу. Мына ушундан улам, күндөлүк когнитивдик психологияда изилдѳѳ объект катары колдонулуп келет.

Күндөлүктү академиялык жашоо, жумуш, ден соолук, жеке сырларга байланыштуу толтурсаңыз болот. Бул сиздин жеке китепчеңиз, аны кандай колдоносуз, ал сиздин ой жүгүртүүңүзгө, шыктанууңузга жана чыгармачыл креативдүүлүгүңүзгө байланыштуу. Текст жазууну көп жактырбасаңыз, анда сүрөт тартып, графикаларды чийүү менен да күндөлүк жазсаңыз болот.

Күндөлүк жазуу оңой көрүнгөнү менен бул ишти адатка айлантуу татаалырак. Андыктан, өзүңүздү күндөлүк жазууга кыйнабастан, аны сүйүктүү хоббиге айлантыңыз. Алгач күнүгө эмес, эки же үч күндө бир жазып коюңуз. Бара бара бул нерсе адатыңызга айлансын. Негизгиси, убакытты күндөлүк жазуу менен өткөрүү эмес, ток этерин жазуу керек. Жазгандан кийин аны анализдөө, мурунку жазуу менен кийинки жазууну салыштыра билүү зарыл.

Булак: Азия News гезити

Последние новости