www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Джо Байден мөөнөтү бүткөн соң кайрадан президенттикке талапкерлигин коёт. Бул тууралуу ал укук коргоочу жана теле алып баруучу Эл Шарптон менен болгон маегинде айтканын NBC телеканалына таянуу менен РИА Новости агенттиги жазды.

Маалыматта белгиленгендей, Байден бул тууралуу сентябрь айында айткан.

Телеканалдын билдиришинче, буга чейин Байдендин тарапташтары кийинки президенттик шайлоого катышуусун айтып келишкени менен өзү эч нерсе дей элек болчу.

"Washington Post гезити жана ABC News телеканалы жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, АКШнын Демократиялык партиясынын колдоочуларынын жарымынан көбү 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого Байдендин талапкер катары катышуусун колдошкон эмес. Демократтардын жана анын тарапташтарынын 56 пайызы кийинки шайлоо учурунда 82 жашка чыга турган Байдендин ордуна башка талапкерди чыгарууну каалаганы белгилүү болгон. Жаш демократтар арасында мындай пикир көп кездешкен, алардын 75 пайызы башка талапкер болсо деген оюн билдиришкен. Байдендин кайрадан президенттикке баруусун сурамжылоого катышкан демократтардын 35 пайызы гана колдогон", — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 79 жаштагы Джо Байден 2021-жылы АКШнын 46-президенти болуп шайланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости