www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги Орусияга жаңы аймактардын киришин кубаттады. КЭДРдин тышкы иштер министерствосунун эл аралык уюмдар боюнча бөлүмүнүн башчысы Чо Чхоль Сунун билдирүүсүн Борбордук телеграф агентствосу (КТКА) жарыялады.

«Биз Орусияга кошулууну көздөгөн Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын, Херсон жана Запорожье облустарынын тургундарынын эркин урматтайбыз жана жогоруда аталган аймактарды анын курамына кабыл алуу боюнча орус өкмөтүнүн позициясын колдойбуз», - деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме референдумдар БУУнун Уставына, укуктук ыкмаларга жана процедураларга ылайык өткөнүн кошумчалады.

Эске салсак, 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөгө төрт жаңы аймакты киргизүү боюнча келишимдерге кол койгон. Салтанат Кремлдин Георгиевский залында өтүп, 2014-жылы Крым менен ушундай эле келишимге кол коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости