www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын учурдагы лидери Джо Байден өлкөнүн мурдагы президенти Дональд Трамп Америкага коркунуч туудурган экстремизмдин өкүлү экенин айтты.

"Трамп жана MAGA республикачылары биздин республиканын пайдубалына коркунуч туудурган экстремизмди билдирет", -  деди Байден элге кайрылуусунда.

Саясатчы ошондой эле, бардык республикачыларды, жада калса көпчүлүктү эмес, жалаң гана Трамптын Американы кайра улуу кыл (MAGA) кыймылынын колдоочуларын айтып жатканын кошумчалады. Байден мындан улам АКШнын тең укуктуулугу жана демократиясы коркунуч алдында турат деп ишенет.

"Эгерде андай эмес деп түр көрсөтсө, биз өзүбүздүн башыбызга ого бетер начарлатабыз... MAGA-республикачылар конституцияны сыйлашпайт, мыйзамдын үстөмдүгүнө ишенишпейт, шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартышат", - деди Байден.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости