www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Мээрбек, Кой-Таш окуясы боюнча сот процесси кайсы чекке жеткени, кандай уланып атканы коомчулукка белгисиз...
-- Азыр сот жабырлануучуларды жана “Альфа” кызматкерлерин сурап атат. Алар баягыдай эле беткап тагынып келип, көрсөтмөлөрдү берүүдө, “биз эчтеке кылган жокпуз.
Жөн эле турсак таш менен уруп, жарадар кылып салды” дешип. Чын-чынына келгенде, “Альфа” кызматкерлери ушундай көрсөтмө берип аткандары аябай уят нерсе.
Кундуз Жолдубаева, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкиналарды көргөзүп, “ушулар бизди сабап, автоматтарыбызды тартып алган” дешүүдө.
Бул “Альфа” кызматкерлерине абийир апкелбейт, өтө уят иш. Биз сотторго “ошо кезде катардагы эки миңге жакын жарандарыбыз Арашан айылынан келип, ИИМ кызматкерлеринен, спецназдардан катуу жаракат алышкан, алды майып болуп калгандары бар.
Аларга ким жооп берет?” деп атабыз. Биз баарыбыз билебиз, тартылган тасмаларда турат, ошол эле спецназдын балдары короого кирип келип, андагы адамдарды ит аткандай атып киришкенин. Азыркы сот процесси Жээнбековдун тушундагыдай эле кайталанып аткансыйт.
-- Ошол убакта бийлик башында турган Сооронбай Жээнбеков, Орозбек Опумбаев, Кашкар Жунушалиев жана Өткүрбек Жамшитов сыяктуу саясый фигуралар суралабы?
-- Биз бул боюнча дагы деле сотторго “Сооронбай Жээнбеков, Орозбек Опумбаев, Кашкар Жунушалиев жана Өткүрбек Жамшитовдорду чакыралы” деп айтып атабыз. Алар кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, качып жүрүшөт. Айтор, сот бир тараптуу, акыйкатсыз жүрүүдө.
-- Мыйзам алкагында адилеттикке жетсе болобу?
-- Соттук ишти артка кайтартып, тергөөгө жогоруда аты аталган мурунку жетекчилерди чакырып, адилеттүү, акыйкат тергелсе, чындык чыкмак. Учурда биздин үнүбүздү уккан эч ким жок.
Сот процесси “Альфа” кызматкерлери катышып аткандыктан, жабык өтүүдө. Журналисттердин бирөөсүн да киргизген жок. Бийлик өздөрү каалагандай калчап атат. Бир кезде президент Садыр Жапаров “баардык соттор ачык-айкын, адилеттүү болот” деди эле, андайды көрбөй атабыз.
Бирок убакыт келет, Жээнбековдун командасы, анын коркок генералдары жоопко тартылат, чындык баары бир жеңет, адилеттүүлүктүн акырына чыгабыз!
Булак: Азия News гезити