www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Нурек шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындап, аймактагы көйгөйлөр тууралуу видеолорду жарыялап келген блогер кармалды.
Расмий билдирүүдө блогердин аты-жөнү айтылган жок, болгону ал өлкөдө тыюу салынган "Тажикстандын улуттук альянсына" байланышы бар сайттар менен иштешкени кабарланды. Аталган альянсты чет өлкөлөрдө жашап жүргөн тажик оппозиция өкүлдөрү негиздешкен.
Нурек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, жергиликтүү тургун "шаардагы имараттардын бирин видеого тартып, аны интернетке жарыялагандан кийин" кармалды. Анын бул аракети видеокөзөмөл камераларына түшүп калган. Мындан тышкары блогердин телефонунан оппозициялык сайттарга жөнөтүлгөн делген башка видеолор да табылган.
Азырынча чет өлкөдөгү тажик оппозициясынын өкүлдөрү бул айыптоолор боюнча комментарий бере элек. Бирок алар тажик бийлигинин буга чейинки бул сыяктуу билдирүүлөрүн "сын айткандардын оозун жабуу үчүн ойдон чыгарылган айыптар" деп атап келишкен. Оппозициянын активисттери Тажикстанда бийликке сын айткан адамдар дароо "тыюу салынган уюмдардын жактоочусу" болуп чыгарын белгилешүүдө.
Тажикстанда акыркы айларда тыюу салынган уюмдар менен кызматташкан деген айып менен ондогон киши кармалды. Алардын арасында белгилүү төрт журналист жана блогер бар — Абдусаттор Пирмухаммадзода, Далер Имомали, Абдулло Гурбати жана Завкибек Саидамини.
Булак: NazarNews.kg