www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бокс боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын 13 спортчу коргойт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Биринчилик 30-апрелден 14-майга чейин Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өтөт. Улуттук команда учурда ал жакта окуу-машыгууларын өткөрүп жатат.

Кыргызстандык боксчулардын тизмеси:

Анвар Хожиев (48 килограмм салмак категориясы);

Нуржигит Дүйшебаев — 51 кг;

Санжар Сейдакматов — 54 кг;

Мунарбек Сейитбек уулу — 57 кг;

Мирзахид Имамназаров — 69 кг;

Жантөрө Ташиев — 63.5 кг;

Жакшылык Таалайбеков — 67 кг;

Нурадин Рустамбек уулу — 71 кг;

Данияр Дамирдин уулу — 75 кг;

Өмүрбек Бекжигит уулу — 80 кг;

Эркин Адылбек уулу — 86 кг;

Бакыт Токтосун уулу — 92 кг;

Оомат Элчоро уулу — +92 кг.

Белгилей кетсек, бокс боюнча курама команда улук машыктыруучу Акыйкат Абаев, башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана машыктыруучу Улан Сагынбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Турнирдин байге фонду 5,2 миллион долларды түзөт. Жеңүүчүлөр 200 миң доллардан алат, күмүш медаль тагынгандарга 100 миң, коло медалдын ээлерине 50 миң доллардан берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости