www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Baira" мода үйүнүн негиздөөчүсү Байра Толгонайдын жаңы мода кийидерине (көйнөккө, шымга) Манаска тиешелүү Герцендин тарткан сүрөттөрүн чаптап чыгарганы, коомдо кызуу талкуу жаратып, нааразычылыктар айтылды.
Байра Толгонайдын бул кылыгын коомчулук кыргыздын улуттук баалуулуктарына, рухий дөөлөттөрүнүн туу чокусу болгон Манаска атайын жасаган кыянаттык катары баалашты.
Арийне, өз улутун, өз улутунун рухий баалуулуктарын аздектеген адам, кыргыз улутунун намысына тийип, беделине шек келтире турган мындай төмөн иштерди жасамак эмес.
Негизи, улуттун улуу мурасын, рухий баалуулуктарын тебелеген көрүнүштөргө мыйзам чегинде жоопкерчилик каралмайын, ар ким оюна келген арам иштерин жасаганды токтотпойт.
Буга дейре итке калпак кийгизип шылдың кылган жорук орун алган. Анда да чуу түшүп, ошол иш-чараны уюштургандарга жоопкерчилик каралган эмес. Мына ушундай кайдыгер мамиледен улам, котур ташын койнуна каткан акмактар, улуттун жүзү, өзөгү болгон баалуулуктарыбызга билмексен болушуп, тымызын да, ачык да атайлап диверсия жасап келишет.
Манасты коргоо боюнча мыйзам аткарылбагандыктан "Манас", "Семетей", "Сейтек" деп арак-шарап чыгарып жатышат. Эми, "турсий, майкага" чейин түшкөнү калышты.
Койгула, болбойт, эсиңерди жыйгыла деп жоопкерчиликке чакырган бийлик төбөлдөрү барбы бизде? Же баары бирдей ашмалтай болуп калыштыбы?
Булак: NazarNews.kg