www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байсалов: Салттуу ислам чөлдүү жердин кийимин катыбайт

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чет элдик The Liberium басылмасына берген маегинде Кыргызстандагы диний эркиндик жана коомдук коопсуздук маселелеринин тең салмакта сакталышы маанилүү экенин баса белгиледи. Ал өлкөдөгү адамдын жүзүн толук жаап, аны таанууга тоскоол болгон кийимдерге чектөө киргизилиши коопсуздук талаптарынан келип чыккан мыйзамдуу чара экенин айтты.

Байсалов салттуу кыргыз жана Борбор Азиялык ислам маданияты кылымдар бою эле жергиликтүү шартка, турмушка жана коомдук мамилелерге шайкеш калыптанганын эске салды. Анын пикиринде, исламдын бул өңүтү өлкөдөгү гармонияны сактоого да жардам берет. Ал белгилегендей, бүгүн талкууланып жаткан кээ бир кийим түрлөрү сырттан келген маданий таасирлердин натыйжасы болуп, тарыхый кыргыз коомунда кездешкен эмес.

Ал өз сөзүндө: "Кыргызстан дин эркиндигин урматтайт жана көп улуттуу, көп конфессиялуу коом катары гармонияга жетишкенине сыймыктанат. Бирок биздин өлкөдөгү салттуу ислам эч качан Жакынкы Чыгыштагы чөлдүү жердин кийимин колдонгон эмес. Андай кийимдин биздин аймакка жат. Кыргыз аялдарынын коомдо өз орду болгон. Биздин исламдык салт эл көзүнө кийинүүнү эмес, ачыктыкты, билимди, сабырдуулукту жана адамгерчиликти баалайт", - деп билдирди Байсалов.

Последние новости