www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин четиндеги Байтик айылынан "Ала-Арча" жаратылыш паркына чейинки веложолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, веложолдун жалпы узундугу 13 чакырымды түзөт. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча веложолдун 4 200 метр аралыгына асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген.
Ал эми учурда пландалган иштердин негизинде жолдун дагы 4 800 метр тилкесинде жер иштери аткарылып, куруу иштери бекитилген графикке ылайык уланып жатат.
Долбоор аймактын туристтик потенциалын жогорулатууга жана жарандардын активдүү эс алуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.