www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Байыйм деген адам өзүнүн алдына психологиялык жактан кандай тапшырмаларды коюшу керек? РИА Новости агенттигинин мындай суроосуна психолог жана коуч Сергей Насибян жооп берди.
Адистин айтымында, алгач адам өзү үчүн байлык деген эмне экенин аныктап алышы керек.
"Мисалы, айрым кишилер бирөөгө жалданса дагы ири суммадагы айлыкка иштейт. Мындайлар муктаждыгын толугу менен жабат дагы, өзүн бай адам катары элестетет. Айрымдарга өзүн баймын деп эсептеш үчүн ири ишкерлик, миллиондогон киреше талап кылынат. Андыктан адам өзү эмнени каалап жатканын аныктап алганы туура", — деди Насибян.
Ошондой эле ал психологияда "байларча ой жүгүртүү" деген түшүнүк бар экенин айтты.
"Айрым адамдар ар тараптан акча жана мүмкүнчүлүктөрдү көрө билет. Болгону ага кантип жетүүнүн кыска жолун издешет. Адатта мындай адамдар акыркы акчасына болсо дагы кийимдин сапаттуусун алып, тамактын даамдуусун жейт. Алар ошол акчаны үнөмдөөнүн жолун издебей, көбүрөөк табууга аракет кылышат", — деди психолог.
Мындан тышкары, Насибян материалдык байлыкка жетүү боюнча алдына оголе чоң максат койгон адамдарга тапшырмаларды бир нече этапка бөлүп алууну сунуштайт. Анткени максат канчалык чоң болсо, ал ошончолук кол жеткистей сезиле берет.
Булак: NazarNews.kg