www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупциядан шектелип кармалган «Айыл-банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев УКМКнын СИЗОсунда асынып алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, Бакыт Асанбаев бүгүн эртең менен өз камерасында асынып алган. Анын сөөгү милиция кызматкерлери тарабынан табылган.
«Бакыт Асанбаев апрель айында кармалган. "Айыл-банкта" анын эмгек келишими бүтүп, жаңы келишим түзүлгөн эмес. Айрым маалыматтар боюнча, анын сөөгү азыр өлүкканада», - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, коррупция фактысы боюнча кылмыш иши февраль айында козголгон. Ошол эле учурда «Айыл-банк» ААКнын кызматкерлери да кармалган.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, банк түзгөн туруктуу коррупциялык схема кредиттерди берүүдө коммерциялык уюмдардын кызыкчылыктарын лоббирлөөдө көрсөтүлгөн.
Булак: NazarNews.kg