www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандан Кыргызстан менен байланыштырган туннель казган 8 адам 1,5 миллион доллардан ашык каражатты алып чыгууга каракет кылган. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алар 1 млн 641 миң доллар өлчөмүндөгү каражатты мыйзамсыз чыгарып жаткан учурда атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Текшерүү учурунда кармалгандардын биринин турак жайынан дагы бир жер алдындагы тоннель табылган. Анын туурасы 1 кв. метр болсо, тереңдиги 10-12 метр, узундугу 400-420 метрге жетет. Бул туннелге электр кыймылдаткычы бар чиркегич киргизип, колго жасалган темир жол менен жүрүп турган. Атайын кызмат тактаган маалымат боюнча, бул мыйзамсыз ишти уюштурган 8 адамдын ичинен алтоо Кыргызстандын жараны. Топту Кыргызстандын 48 жаштагы жараны жетектеп турган.
Кылмыштуу топко карата Өзбекстан Республикасынын тиешелүү мыйзамы менен кылмыш иши козголуп, иштин катышуучулары 6 жылдан 8 жылга чейин эркиндигинен ажыратылганы белгилүү болду.
Булак: NazarNews.kg