www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакай Оморов: 

Социалдык тармактар Америкага баруунун жалаң жакшы жагын көрсөтүп жатат. Мындай пикирди Америкадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү  Бакай Оморов билдирди. 

--"Социалдык тармактар Америкага баруунун жалаң жакшы жагын көрсөтүп жатат. Бирок АКШга баргандардын көпчүлүгүнө алгач оор болгон. Биздикилер түшүнүшү керек: Американын тили, мыйзамдары, эсептөөлөрү, маданияты, тамак-ашы, айтор, баары бөлөк. Буларга көнүп жашап кетүү далай маселе жаратат. Бирок кыйынчылыктарды эч ким айткысы келбейт. Айрым адамдарда дароо ийгиликтүү болуп кеткен учурлар бар, ошол эле диаспоранын мүмкүнчүлүктөрүн колдонушат. АКШнын менталитети да маселе жаратат. Анткени Америка Орусия сыяктуу эмес, такыр башка мамлекет.

Кыргыздар көпчүлүк учурда иштин жеңил жагын издейт. Ал эми Америкада мындай жеңил ойлуулук менен жасалган иштер дароо болбосо да, зыянын тийгизет. Алсак, салык төлөөдөн качуу, насыя тарыхын бекитүү сыяктуу иштер. АКШда насыясыз жашоо жок. Эгерде адам алган насыясын төлөөдөн качып кетсе, баш тартса, насыя  тарыхы системага жазылат. 10 жылдан кийин болсо да зыянын тийгизет. Ушул сыяктуу маселелер кыргызстандыктарга кедерги болот.

Биз Америкада эң акыркы мигрант болуп саналабыз. Мурда барган мигранттар ордун таап, жайгашып калган. Маселен, индиялыктар илгертен май куюучу жайларды иштетип, андан соң IT компанияларына өтүшкөн. Италиялыктар пиццериялары менен атактуу. Ал эми кыргыздар ар тараптуу изденишет. Жаңы барып, материалдык муктаждыктарын чечип дегендей… Азыркы тапта кыргызстандыктар II этапта чоң сыноодо турушат. Кыргыздардын жөндөмдүү, аракетчил мүнөзүн көрүп сыймыктанабыз. Алар бат өздөштүрүп, багыт алып кетишет. Он жыл мурда кыргыздар Иллинойс штатында таксист катары белгилүү болсо, учурда IT тармагын багындырып баратышат. Жумушчулардын тең жарымы IT тармагына жана башка окуу жайларга өтүп кетишти",- деди ал. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости