www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жогорку окуу жайлардын биринде чет өлкөлүктөргө мыйзамсыз миграцияны уюштурган факты аныкталды. Бул тууралуу ички иштер мнистрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, билим берүү окуу жайларынын бири кызмат көрсөтүү жолу менен Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз келүүлөрү үчүн чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз миграцияны уюштурган. Мамлекеттик органдарга жалган маалыматты беришип, "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамынын талаптарын одоно бузушкан. Анын натыйжасында оор кылмыш жасалып (банкты тоноого) жана оор кесепеттерге алып келген.

Аталган факты Жоруктар жөнүндө кодексинин 122-беренеси ("Тышкы миграцияны мыйзамсыз уюштуруу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Андан сырткары, Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин бири миграциялык мыйзамды бир нече жолу бузгандыгы аныкталып, Мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, 2020-жыл үчүн республиканын жогорку окуу жайларында 15 миңден ашык чет өлкөлүк студенттер окууда.

Ички иштер министрлиги эскертет, "Тышкы миграцияны уюштуруу" мыйзамына ("Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жокторду чакырган жарандардын жана юридикалык жактардын милдеттери") ылайык, чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жокторду Кыргыз Республикасына чакырган жарандар жана юридикалык жактар жана уюштурууга катышкандар аларга укуктары менен милдеттери жөнүндө өз убагында түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.

Ошондой эле алардын Кыргызстанга келүүлөрү, республиканын аймагында жүрүүлөрү жана келүү убактылары аяктаганга чейин өз убагында документтерди каттоо жана даярдап берүү үчүн чараларды көрүү керек.

"Тышкы миграцияны уюштуруу" мыйзамынын 61-беренесине ылайык, жогорудагы мыйзамдын 25-беренесиндеги талаптарды аткарбоо учурда Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жокторду чакырган жарандар жана юридикалык жактар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости