www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Качкын президент Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшеванын сөөгү 18-январда өзү туулуп өскөн Казарман айылындагы ата-энесинин үйүнөн жерге берилет. Маалыматты укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак тастыктады.

Эскерте кетсек, Төлөмүшеванын өтүп кеткени бүгүн белгилүү болгон. Маалыматтарда анын ооруп жүргөнү айтылды.

"Сөөк бүгүн, 17-январь күнү кечинде Минск — Бишкек чартердик рейси аркылуу Бишкек шаарына алып келинет. Андан ары Кочкор району аркылуу Тогуз-Торонун борбору Казарман айылына жеткирилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Сөөктү маркумдун бир тууган сиңдиси алып келет.

Назгүл Төлөмүшева 47 жашта болчу. 1993-жылы Казарман айылындагы Макмал орус тилдүү орто мектебин, кийин Ош шаарындагы окуу жайлардын бирин аяктаган. 23 жашында Курманбек Бакиевге турмушка чыккан. Жубайлар Лейла аттуу кыздуу, Данияр аттуу уулдуу болушкан, азыр тун кызы 23, баласы 18 жашта экени айтылды.

Назгүл Төлөмүшева ата-энесинин тун перзенти болгон. Атасы Муратбек Төлөмүшев 2022-жылы каза болуп, тажиясына келип кеткен. Апасы Бурулуш Төлөмүшева 26 жыл мурда кайтыш болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости