www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек эркин экономикалык аймагын эки жылдан бери башкарып келе жаткан Кудрет Тайчабаров иштен кетээри кеп болуп жатат.

Буга анын бул аралыкта эч бир көзгө көрүнөөрлүк, купулга толоорлук эч иш кылбаганы себеп болгону айтылууда. Сыягы, ишти тарта албай жатат дешип президентти ынандырышкан окшойт. 

Тайчабаровду эки жылдан бери президенттин эң жакын адамы делген карындашы Адинай Марипова коргоп келгени айтылып жүрчү. Фейсбукта болсо "эми Кудурет Фейсбукта илгерки көнгөн адатынча саясаттагы өйдө-төмөн божомолдорун жазып, "Вангалыгын" баштайт" - деген азил, какшыктар жазылып баштады.

Айтмакчы, Кудурет Тайчабаровдун ордуна айтылуу Алмамбет Шыкмаматов барат экен. Чээнге кирген Шыкмаматов чыгат тура эми күн көзүн көрүп. Саясатта эмне деген гана оорчундуу окуялар болду. Алмамбет мырза оозуна талкан салып алгандай эмнеге унчукпайт десе, кызмат үмүт кылып жүргөн тура.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости