www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылы Бакиевге кызмат кылып, элди сабаткандар, азыр Атамбаевдин штабын жетектейт 2010-жылга чейин Бакеиевдин бийлигине кызмат кылып, ошол кездеги Атамбаев баш болгон оппозицияга таш ыргытып, алардын тарапташтарына зомбулдук кылгандар азыр КСДП партиясынын штабын жетектесе, кээ бири чоң кызматтарды аркалайт.

Булардын бири тууралуу Марс Кыдыкбеков мындай жазып чыкты: “Бүгүн мага Балыкчы шаарынын тургундары байланышып, «бул бийликте ар намыс, уят, принцип» деген барбы же жокпу!? деп, күйүп, себебин 2009-жылы Алмазбек Шаршеновичти колдоп чыккандары үчүн, ошол учурдагы Балыкчы ШИИБнүн башчысы ДЕГЕНБАЕВ деген милиция сөрөй, акмактан (алар ушинтип айтышты) кордук көрүп, ур-токмоко алынышканын арызданышып» кайрылышыптыр, эми бүгүнкү күндө ошол Дегенбаев деген Балыкчы ш., СДПК штабынын координатору экен.

Мына сага калыстык, акыйкаттык!?. Жок дегенде ошол Дегенбаевтын колунан таяк жеп, кордук көргөн, азыркы Акыйкатчынын орун басары Жамгырчиева ооз ачып койбойбу!?. «Эми учуру келгенде, баардыгы мыйзам алдында жооп беришет» деп гана жооп берип кутулдум”,-деп жазган. Дагы бири 2010-жылы бакиевдик бийликке каршы чыккан таластыктарды ур-токмокко алдырган Данияр Абдыкаров учурда ИИМ министринин орун басары.

Мурдагы адатын карматып митингге чыккандарга провакация уюштуруп, ур токмокко алдырып жатат. Садыр Жапаровдун жактоочуларын сабаткан операциянын башында Абдыкаров турганын бир нече ММКлар жазып чыгышты. Революциянын башында тургандар баркталбай, Атамбаевге каршы чыккандар төрдө отурат. Жакында, 2010-жылы Таласта милицияга каршы толкуган элдин башында турган лидерлерди учурда Абдыкаров жазалап, кысып жатканы кабарланган. Жакында ал туурасында такталган маалыматты беребиз.

Булак: "Искра"

 

Последние новости