www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү саясатчы, ЖКнын мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева премьер-министр Акылбек Жапаров менен Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровду конокко чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Урматтуу Акылбек Усенбекович, Эмилбек Мырзакулович!
Сиздерди үйүбүзгө (Бакаев көчөсү 179 үй), жок дегенде 3 күнгө жатаар конок катары чакырууну туура көрдүм.
Бирок, айрым шарттар менен...жата турган шейшебиңерди, баклажкага сууңарды (жуунуш, даараткана барыш үчүн ж.б. Балким водовозуңарды ала келесиңер) чай, тамак ашыңарды өзүм көтөрөм. Ресторандан заказ берип, же кааласаңар резиденциядан заказ бересиңерби, аны келгениңерде чечебиз.
Анткени, бизде бүгүн 21 күн болду, суу жок!!!
Биз аябай, чыдамкайлык, сабырдуулук менен сиздердин жомогуңарга ишендик...Мөңгүлөр ээрибей суу жок болуп жатат деген.
Кышында вообще мөңгү ээрибейт, бирок суубуз бар эле.
Акылбек Усенбекович, Эмилбек Мырзакулович мен сиздерге миңдеген сөздөрдү жазып түшүндүргүчө, 3 эле күнгө биз суусуз өткөрүп жаткан күндөрдү бирге өткөрөлү, келгиле.
Бизден кийин Арча-Бешик, анан Ак-Ордо конушуна барып, жок дегенде 2 күндөн түнөп кеткиле.
Кимдин үйүндө түнөйбүз деген суроо салсаңар, каалаган үйгө кирсеңер болот.
Алар да сиздерди мага окшоп, кубаныч менен тосуп алышат.
Ошондо, балким сиздер суусу жок шаардыктарды түшүнүп, маселе чечилет беле деген ой.
Маселени чечпесеңер, анда биз да өз оюбузду катуу айтууга даярбыз.
Чыдамдуулуктун, сабырдуулуктун да чеги болот.
R.S. Стрелканы Горводоканалдын жетекчисине бурбагыла, андай кадам алсыздыктын белгиси...”,- дейт премьер-министр менен мэрди конокко чакырган Жылдызкан Жолдошева.
Белгилей кетсек, акыркы күндөрү Бишкекте, дегеле Кыргызстандын баардык аймагында таза суу жетпей, айрым райондордо маал-маалы менен суу өчүрүлүп жатат.
Булак: NazarNews.kg