www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астанада Kaspi банкында куралчан адам барымтага алган адамдар бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Айрым маалыматтар боюнча, шектүү адам банктын активиндеги баардык акчаларды майыптарга, колунда жок муктаждарга, жетим-жесирлерге которууну талап кылган. Бул үчүн ал жети аялды жана кароолчуну өлтүрөм деп коркутуп, бийликтегилерге үч саат убакыт берген.

Журналисттер шектүүнүн аты-жөнүн Алихан Мурадов деп билдиришүүдө. Анын аталган банкта бир аз кредити бар экени белгилүү болду.

Операция учурунда банктын айланасы курчоого алынып, ал жерде атайын күчтөр иштеди. Банктын филиалы жайгашкан үйдүн тургундары батирлеринен чыгарылды.

Мындан мурда банк барымтага алынгандар жалаң алардын кызматкерлери экенин тастыктаган болчу.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости