www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бактияр Алиев Социалдык фондду жетектөөгө дайындалды

Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) мурдагы баш директору Бактияр Алиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды. Аны бүгүн эмгек жамаатына Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов тааныштырды. Алиевге чейин Социалдык фондду 2021-жылдын май айынан бери Жаныбек Орозалиев жетектеп турган.

43 жаштагы Алиев Ош технологиялык университетинде финансы адистиги боюнча билим алган. Экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасы бар.

2001-2009-жылдары Социалдык фонддо иштеген. 2009-2020-жылдары КТРКда иштеп, 2020-жылдын декабрында баш директор болуп шайланган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости