www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2010-жылдан кийин “Ата Мекен” партиясынан Бактыбек Калмаматов Жоомарт Сапарбаев деген жаш, дымагы бар мыкты жигиттер депутат болгон. Алардын көтөргөн маселесин көрүп, көптөр Текебаев башка саясатчылардан айырмаланып, өзүнө окшогон маселе көтөрө билген, карапайым элге жакын кадрларды даярдап жатыптыр деп үмүт арткан.
Бирок, тилекке каршы, 2015-жылкы парламенттик шайлоодо эл суктанган жаш депутаттар парламентке келген жок. Жоомарт Сапарбаевдин талапкерлердин арасында тизмеси болгону менен ага бу сапар депутаттык мандат буюрган жок. Анын мандатын Шайдулла Нишанов деген бизнесменге алып берип коюшту.
Бактыбек Калмаматов менен Текебаевдин ортосунда пикир келишпестик болгонбу айтор, “Ата Мекен” партиясында карааны көрүнбөй калды. Бул эки жаш саясатчыдан кол үзгөнү Текебаев деле жыргап кеткен жок. Караланды. Камалды.
Азыр ал да өткөн кеткен күндөрүн эстеп, катачылыктарын эске алып, айрымдарына өкүнүп жатса керек. Акчалуу, куйту саясатчыларга караганда ушул эки жигитти депутат кылса, Текебаевдин маселесин көбүрөөк көтөрүп, “Ата Мекен” үчүн да, Текебаев үчүн да пайдалуу иш кылышат эле го.
Булак: NazarNews.kg