www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылында 14 жаштагы баланын чөнтөгүндөгү уюлдук телефону жарылып, ал ооруканага түштү.

Тоң райондук ооруканасынын хирургиялык бөлүмүнүн башчысы Төлөк Жунушали уулунун айтымында, 2004-жылы туулган Д.Айдин ооруканага 24-ноябрда саат 23:00 чамасында жеткирилген деп билдирет "Турмуш" басылмасы.

«Учурда абалы туруктуу оор. Денесинин 30%ы химиялык күйүк алган. Эми палатага которулду», - дейт ал.

Жабырлануучу Д.Айдиндин айтымында, апасы менен телефон аркылуу сүйлөшүп бүткөндөн кийин уюлдук телефону жерге түшүп кеткен.

«Телефонду жерден алып, сол чөнтөгүмө салганда ал жарылып кетти», - деди ал.

Анын апасы Жаркынай Ишенбаеванын айтымында, уулу айылдагы Пушкин атындагы мектепте 8-класста окуйт.

«Күндүз чогуу болгонбуз. Мен жумушка кеткенде уулум үй жумуштары менен алек болуп калган. Саат 21:00 чамасында үйгө келсем ал үйдө жок экен. 15 мүнөт өткөндөн кийин аны күйгөн абалда айылдашым көтөрүп келди. Аны көрүп мен шок болуп калдым. Биз уулумду дароо ооруканага алып жөнөдүк.

Уулум «Nokia X1» үлгүсүндөгү телефонду колдонуп жүргөнүнө бир ай гана болгон», - деди Ж.Ишенбаева.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости