www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча аймактык директору болуп жакында дайындалган Айтен Рустамова менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен “Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу”, “Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү”, “Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын калыбына келтирүү” долбоорлорун ишке ашырууну талкуулашты.

Калаа башчысы Айтен Рустамованы кызматка дайындалышы менен куттуктап, кесиптик ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости