www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 30-июнда Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Беш-Күнгөй айылында каракчылык фактысы болгону тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, окуянын чоо-жайын тактады, деп билдирди Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

Арыз ээси — 1988-жылы туулган О.Ч. билдирген маалымат боюнча, 30-июнга караган түнү саат 01:30 чамасында белгисиз адам анын автоунаасына отурган. Ал Беш-Күнгөй айылына жеткирип коюуну суранган. Бирок орто жолдон тапанча менен айдоочуну коркутуп, бир нече жолу бет тарабына уруп, телефонун тартып алган. Андан кийин белгисиз тарапка качып кеткен.

Каракчылык беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери шектүүнү аныкташты. Ал — буга чейин бири нече жолу соттолгон С.Д. (1999-жылы туулган). Шектүү кармалып, милиция кызматкерлери башка дагы кылмыштарга тиешеси бар экенин тактаган.

Шектүү камакка алынып, тергөө уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости