www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунун көчмө кабылдамасы элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралууОш ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 29-июнь күнү Султанов А.К. атындагы Кара-Суу РИИБдин У.Алиев атындагы Нариман айылдык аймагын тейлеген милиция бөлүмчөсү Нариман айыл аймагынын Нурдар айылында элдер менен жолугушуу жана ар кандай арыз даттанууларын кабыл алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Аталган иш чарага Кара-Суу РИИБдин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги К.Искаков жана Кара-Суу РИИБнин кызматкерлери тартылышып, Нурдар айылынын тургундары менен жолугушту.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №512 сандуу мал уурулуктун алдын-алуу боюнча токтомунун, ИИМдин 25.11.2020-жылдагы №763 сандуу “Үй -бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын-алуу” боюнча буйругу жана өспүрүмдөргө карата жасалып жаткан кылмыштуулук көбөйүп баратканын эскертишти.

Жаш өспүрүмдөр жайкы мезгилде ата-энесинин уруксаты жок эле суу тосмолоруна барып жаткандыгы боюнча топтолгон айыл тургундарына түшүндүрүү профилактикалык иштер жүргүзүлүп, көчмө кабылдама унаасы аркылуу ар бир көчөлөрдө милиция кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү жана алдын-алуу иштери алып барылды.

Жалпысынын Нурдар айылынын тургундарынан 3 арыз даттануулар алынып, арыздар караштуулугу боюнча Кара-Суу райондук мимлекеттик администрациясына жөнөтүлдү.

Милициянын көчмө кабылдамасы Нариман айыл аймагынын айыл өкмөт кызматкерлери жана КААБдын аксакалдар соту, аялдар кеңеши жана жаштар уюмдары менен биргеликте жүргүзүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости