www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аралыктан иштөөнү Эмгек кодексине киргизүү сунушталууда

Кыргыз өлкөсүндө аралыктан иштөөнү Эмгек кодексине киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан тастыктады.

Тиешелүү өзгөртүүлөр аталган министрлик тарабынан коомдук талкууга коюлду.

"Бүгүнкү күндө Эмгек кодексинде аралыктан иштөөнү жөнгө салуу каралган. Бирок ал керектөө жана кол өнөрчүлүк товарларын өндүрүү менен байланышкан милдеттерди аткарышса гана. Бул ченемдерди жумушчулардын ар кандай категорияларынын ишин жөнгө салууда колдонуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизилсе аралыктан иштөөнү мыйзамдуу түрдө бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Долбоордо аралыктан иштөө дегенде эмгек милдеттерин жумуш берүүчүнүн, анын филиалынын же анын өкүлчүлүгүнүн чегинен тышкары жерде эмгек милдеттерин аткаруу деп айтылат. Ошол эле учурда, аралыктан иштөөнүн өбөлгөсү - маалыматтык жана телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде интернетти пайдалануу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости