www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улукбек Марипов кайсы вакцина менен эмделгени айтылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Спутник V" вакцинасы менен эмделди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Марипов жубайы менен 26-июнда Бишкектеги медициналык пунктулардын биринен коронавируска каршы эмделген. Ал жакынкы аралыкта өлкөгө вакцинанын жаңы партиясы алып келинерин убадалаган. Министрлер кабинетинин төрагасы кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырган.

Ушуну менен Марипов "Спутник V" вакцинасын алган постсоветтик мамлекеттердеги жетекчилик кызматтагы адамдардын катарын толуктады.

Белгилей кетсек, буга чейин РФ лидери Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, республиканын элбашы Нурсултан Назарбаев жана премьер-министр Аскар Мамин, Беларусь менен Абхазиянын өкмөт башчылары Роман Головченко жана Александр Анкваб, Түштүк Осетиянын президенти Анатолий Бибилов "Спутник V" менен эмделген.

Кыргызстанда бул препарат 2021-жылдын февраль айында каттоого алынган. Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, эки компоненттүү "Спутник V" вакцинасы калкы 3,5 миллиардга жеткен 67 мамлекетте колдонууга уруксат берилген.

2020-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын 31-мартына чейин россиялыктарга жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгына караганда, "Спутник V" препаратынын эффективдүүлүгү 97,6 пайызды түзөт.

"Спутник V" катуу аллергия кылбайт. Препаратты кадимки муздаткычта сактаса болот. Баасы 10 доллардай болгондуктан дүйнө жүзүнө жеткиликтүү болуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости