www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шылуундар Бишкектин тургунун жакыныңды УКМКнын тергөө абагынан чыгарууга жардам беребиз деп 65 миң долларга алдап кетти. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Жабырлануучу милицияга 22-июнь күнү кайрылган. Анын айтымында, быйылкы жылдын 17-апрелинде өздөрүн УКМК жетекчилигине жакын жүргөн кишилербиз деп тааныштырган эки жаран менен жолуккан. Алар атайын кызматтын тергөө абагында кармалып турган адамдын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жардам беребиз деп убадалашкан. Бул үчүн 65 миң доллар алып, кийин таптырбай кетишкен.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестине шылуундук катары каттоого алынып, кылмышка шектүү катары 24 жана 23 жаштагы эки жаран кармалды. Экөө тең соттун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу такталууда.
Булак: NazarNews.kg