www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификат тапшырып, мектепти ийгиликтүү бүтүшү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Алган билимиңер, топтогон тажрыйбаңар Ата Мекен үчүн пайда алып келгендей болсун. Сиздер ушул тапта келечек кесибиңерди тандап, улуу максаттарды алдыга коюп, багытыңарды аныктап алганыңыздарга толугу менен ишенем. Бүгүнкү ийгиликке жетүү үчүн сиздер бөбөк кезден, биринчи класстан тартып талпынып, мына минтип аң-сезимдүү, айкын максаттуу, ар тараптуу инсан болдуңуздар. Бекеринен кыргыз "Билимдүүгө дүйнө жарык, билимсизге дүйнө караңгы" дебесе керек", — деди Жапаров.

Президент балдардын ийгиликке жетишине мугалимдер менен ата-энелердин салымы зор экенин айткан. Ал ЖРТга катышкандардын кыйла бөлүгү чет мамлекеттердин алдыңкы университеттерине өтөрүн, бул өлкөнүн билим берүү системасынын олуттуу потенциалын көрсөтүп турарын белгилеген.

"Он жети жылдын ичинде 700дөн ашуун бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөнүн артыкчылык сертификаты менен сыйланган. Албетте, алар — республиканын жаш муундарынын элитасы, биздин сыймыгыбыз, келечегибиз! Өткөн жылы коронавирус пандемиясы бүтүндөй билим берүү системасына кедергисин тийгизгендигине карабастан, бир топ ийгиликтер жаралды. Сиздер билим алууга эч нерсе тоскоолдук кыла албасын далилдеп, өзүңөрдү көрсөтө алдыңар", — деди Жапаров.

Президент бүтүрүүчүлөргө ден-соолук, ийгилик каалап, "кандай гана кырдаал болбосун адам бойдон калгыла" деген кеңешин берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости