www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов соңку убакта катуу чарчап жүрөбү, айтор, жакында катуу чардаганы жашыруун маалымат катары бизге жетти. Эмесе, бул боюнча өзүнө суроо салалы.

- Улукбек мырза, 20-июнь, дем алыш күнү «Пирад» саунасына тымызын барып, көңүл ачканыңыз ыраспы? Аябай шаттуу маанайда чардаганыңыз УКМКнын күзөт кызматына чейин билинсе, таң калгандарды туйдуңузбу? Улам-улам «керме каштарды» алдырып, жипке тизген шурудай эле тандаганыңызды, калчаганыңызды моюнга аласызбы? Жогорку даражадагы кызматта туруп, көпкөн коммерсанттардын деңгээлинде шапар тептиңизби? Кандай баа берсек болот? Сиздин көшөгө артындагы деңгээлиңиз ушундай пас беле?

Ток этерине келсек, мындай «ысык» кабарды суроо иретинде берүүгө туура келди. Шибегени капка ката албайсыӊ», «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» деген макалдарды эстеп, тикелей өзүңүзгө коңгуроо кагып турган чагыбыз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости