www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы бийлик мурдагы бийликтин, тактап айтканда Алмазбек Атамбаевдин  каталарын кайталап жатат. Мындай пикирди Нарын облустук аялдар кеңешинин төрайымы Бактыгүл Жумабаева NazarNews маалымат агенттигине бүгүн, 20-февралда билдирди.

--“Пандемияда Райымбек Матраимовдун жакшылыктарына бүтүндөй кыргыз эли күбө болду. Анын эмгектери зор. Себеби, өлкөнүн жети дубанына бирдей жардам көрсөтүп, карапайым элдин сообуна калды. Бул эрдик болуп саналат. Кыргызстанда канчалаган байлар, мамлекеттик тиешелүү кызматтар бар, бирок ошолордо Матраимовдой жардам бериштиби? Мен Нарын облусунун тугуну, айымдар кеңешинин мүчөсү катары көп байкадым, дүйнөнү кара туман каптап турганда, Нарында айрым карапайым эл ачка калды. Ошондо ушул адам кол сунду.

Ал эми азыркы бийлик мурдагы бийликтин, тактап айтканда Алмазбек Атамбаевдин  каталарын кайталап жатат. Учурда баарыбыз бийликтин шоусуна күбө болуп жатабыз. Мени таң калдарганы Райымбек Матраимовду күнөөлөп, мамлекеттин бюджетине акчаны төлөтүп, актап, жактап анан кайра камаганы жаш баланын оюну булуп турат. Мисалы, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков, Нариман Түлеев сыяктуу “иштейм” деген саясатчыларды, мыкты кадрларды Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда камап койду. Алар чындык үчүн чыркырып абакта жатышты. Жапаров менен Ташиев жон териси менен сезген адам катары Атамбаевдин жолун жолдобой, башкача кадам менен кетсе туура болмок. Садыр Жапаров башында айткан, “биз камабай, мамлекетке акчаны төктүрүп, карыздан кутулабыз” деген. Бирок ал айткан сөзүнө турбай, коомдун башын айлантууда. Качанкыга чейин биз ушундай туура эмес көрүнүштөр менен алектенип жүрөбүз. Бирин камайбыз, бирин чыгарабыз. Кыргызстандагы бийликтин эрмеги эле ушул болду. Андан көрө аларды камабай тиешелүү акча каражатын көктүрүп койсо. Учурда биздин өлкөнүн экономикасы сазга батты. Андыктан чогу мамлекетти көтөрүп, алдыга жылсак. Эл дагы ушундай көрүнуштөн тажады. Мигранттарыбыз кайтып келүүнү самашат. Алар дагы өлкө өнүксө өз жерлерине келсе жакшы болмок. Менин кайрылаарым азыркы бийлик мурдагы президенттердин жолун жолдобой акыйкат иш алып барып, туура чечимдерди кабыл алсын”, - дейт Жумабаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости