www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясат таануучу жана мамлекеттик ишмер, улуттук жана аймактык коопсуздук, диний экстремизм жана терроризм маселелери боюнча адис Орозбек Молдалиев менен маек.

-- Өлкөдөгү кадрдык саясаттын жүрүшүнө сиздин пикириңиз?

Бул жаатта сын-пикирлер абдан көп айтылууда...

-- Мамлекетти башкаруунун негизги маанилүү фактору кадр саясаты. Себеби, саясый жана социалдык туруктуулук, стратегиялык программаларды, реформаларды ишке ашыруу өлкөнүн кадр саясатынын таасирдүүлүгүнө байланыштуу. Ошондуктан элибиздин бүгүнкү жашоосу жана келечеги башкаруу системасындагы кадрлардын сапатына жараша болот. Бул багытта кадрларды тандоонун жана башкаруунун жаңы технологияларын киргизүү аракеттери деле болуп жатат. Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон бери отуз жылга аяк басты. Бирок, тилекке каршы, мамлекетибизде таасирдүү кадр саясаты эмдигиче калыптанган жок. Бийликке келген топтор кечээ эле өздөрү сындап келген «үй-бүлөлүк, аймактык-кландык башкаруу» ыкмасына өтүп кетишет. Негизги талаптардын бири – адистердин кесипкөйлүгү анча эске алына бербейт. Эгерде бийлик бул багыттагы сынпикирлерди, мурунку каталарды эске алып, кадр системасын жаңыча багытта алып кетпесе, тез эле саясый нааразылыктар келип чыгат.

-- Муфтияттагы ызы-чуу, интригалар, ажылыкка чогулган акча тууралуу жалпы оюңузду айтсаңыз?

-- Муфтияттагы ызы-чуу – 2014-жылы февралдагы Кыргызстандын коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү абалды жөнгө салуу боюнча чечимине ылайык жүргүзүлө баштаган реформалардын акыркы жылдарда ишке ашырылбай калгандыгынын натыйжасы. Аталган кеңешмеде «Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгына өлкөдөгү мусулмандардын ишенимин чыңдоо, келип чыккан кырдаалды нормалдаштыруу, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында» сегиз пункттан турган конкреттүү сунуштар берилген. Ошол сунуштардын эң алгачкылары болуп, «ажыга барууга акы төлөөнү эсепке алуунун электрондук системасын киргизүү, финансылык иштин ачык-айкындуулугун жогорулатуу» каралган болчу.Ажылыкка бөлүнгөн квоталарды бөлүштүрүүнү компьютерлештирүү кыйла каршылыктарга карабай 2014-жылы ишке киргизилип, жыл сайын бул багытта болуп келген чырчатактарга негиз жоюлган. Бирок калган сунуштар аткарылбай солгундап калгандыгын билесиз. Ал реформаларды ишке ашырууну колго алуу керек. Ошондо интригалар, кызмат талашуулар акырындап жоюлат.

-- Жаңы Конституциянын долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлбөдүбү? Мында президент айткандай, жоопкерчилик ага жүктөлдүбү же юристтер белгилегендей бийлик бир колго топтолуп, өзүм билемдикке жол ачылдыбы?

-- Эгерде президент ага жүктөлгөн жоопкерчиликтерди аткара албаса, анда эмне болот? Өзүм билемдикке өтүп кетсе эмне кылабыз? Ушул суроолорго Конституция жана анын негизинде кабыл алына турган мыйзамдар жооп бере алышы керек. Президенттик башкарууну элибиз көргөн, эки президентти кубалаганбыз... “Парламентаризм бизге болбойт экен” деп да жатышат. Бирок биздин өлкө парламенттик башкарууда болгон жок. Биз президенттик-парламенттик башкаруу формасында болдук. Маселе эмнеде? Стабилдүү жана таасирдүү мамлекеттик башкаруу үчүн негизги мыйзамда бийлик бутактарынын ортосунда “токтотуу (тыюу) жана каршы салмак” системалары болушу керек. Сот бийлиги көз карандысыз болушу керек. Ошондо гана президент да, парламент да мыйзам чегинде иштеп калат, башкаруунун кайсы формасы болбосун... Биздин элибиз абдан сабырдуу, чыдамкай, бирок социалдык проблемалардын түрмөгү чечилбесе, албетте, жүйөлүү мааниге карабай коюшу мүмкүн. Элге тартиптин критикалык массасы керек. Эң митаам алдамчы да “мамлекеттин башында ак ниет, чынчыл адам болсо” дейт. Кылмышкер деле “ишимди адилет сот караса” дейт да. Жыйынтыктап айтканда, биз өзүбүз мыйзамды сыйлап, ага ылайык жашаганды үйрөнмөйүнчө, башкаруунун кандай формасы болсо да алдыга алып кете албайт.

Булак: Азия news гезити

Последние новости